Министр сыйлыктар тууралуу пикирин билдирди

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 11:29

«Маданият жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарды аймактардагы кызматкерлерге, аткаруучулардан мурда жаратуучуларга ыйгаруу зарыл”, -мындай пикирин Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, жер-жерлердеги китепкана, музей, музыкалык окуу жайлардын кызматкерлери, ошондой эле кол өнөрчүлөр, комуз чапкан усталар, зергерлер унутта калган.

Жыйында сыйлыктарды ыйгаруу жол-жоболору мындан ары ачык-айкын жүрөрү белгиленди.

Сыйлык ыйгаруу жоболору жаңыртылып чыккан соң, аны менен каалаган адам Интернет аркылуу таанышууга мүмкүндүк алмакчы.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!