Аялы күйөөсүн өлтүрүп, сөөгүн талаага көмгөн

5-Дек. 2017, Шейшемби, 11:20

Жайыл районунда дайынсыз деп изделип жаткан жаранды аялы жана туугандары өлтүрүп салган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалымка ылайык, 24-ноябрда Жайыл РИИБине жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, ал арызында 21-ноябрда 50 жаштагы Ж.У. аттуу күйөөсү үйүнөн чыгып, дайынсыз жоголуп кеткенин жана аны белгисиз жарандар күч колдону менен уурдап кеткенин жазган. Бул факты боюнча РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан ыкчам-издөө иштери башталып, Кылмыш-жаза кодексинин "адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө дайынсыз жоголгон адамдын туугандары айылдашынан шектенип жатышканын билдиришкен. Шектүү катары көрсөтүлгөн адам козголгон кылмыш иштин негизинде кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилген. Бирок туугандарынын берген көрсөтмөлөрү милиция кызматкерлерин шек санаткан.

50 жаштагы жаран дайынсыз жоголбой эле, каза болгону аныкталып, мурда шектүү катары кармалган жергиликтүү адам бошотулган.

Тергөө учурунда үй-бүлө башчысын өлтүрүп, кайда көмүп коюшкандыгын туугандары көрсөтүп беришкен. 2-декабрь күнү Ж.Унын сөөгү айылдын түштүк тарабында жайгашкан талаада көмүлгөн абалда жатканы жана күч колдонуу менен өлтүрүлгөнү тастыкталган. Соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалган. Маалымат боюнча маркумдун баш мээсинде жана денесинин башка бөлүктөрүндө жаракаттан алган тактар бардыгы аныкталган.

“Кылмышка шектүү катары 6 адам кармалган, анын ичинде маркумдун 42 жаштагы А.З. аттуу аялы да бар. Окуянын келип чыгышына жубайлардын ортосундагы чыр-чатактар, түшүнбөстүктөр себеп болгон. Жубайлар болжол менен 10 жыл бирге жашашкан”, - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Айылдаштарынын айтканына караганда маркум ар дайым спирт ичимдигин көп ичип, үйүнө чыр салып келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!