​Караңгыда телефон карактап жүргөн

5-Дек. 2017, Шейшемби, 12:00

Борбор калаада каракчылык кылып жүргөн жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалымка ылайык, 17-июнга караган түнү Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен жабырлануучуга күч колдонуу менен «Айфон-5» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 15 миң сом акча каражатын тартып алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Свердлов РИИБнин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 22 жаштагы А.Я. аттуу жаран кармалган.
Жогорудагы факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин “каракчылык” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!