Баңгизатын мыйзамсыз жүгүрүү фактылары аныкталды

5-Дек. 2017, Шейшемби, 15:01

Милиция кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз жүгүрткөн бир нече фактыны аныкташты. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 3-декабрь күнү Кара-Суу районунун Кашгар-Кыштак айылынын жашоочусунун үйүн текшерүү учурунда бакчасынан баштыкка салынган кургатылган каннабис (кара куурай) баңгизаты табылган. Баңгизаттын жалпы салмагы 6 килограмм 490 граммды түзгөн.

Ушундай эле, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү фактысы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунунда дагы аныкталып, Ак-Кочкор айылынын 44 жаштагы Ы.Т. аттуу жашоочусунун үйү текшерүүгө алынып, сарайынан 200 грамм салмактагы марихуана баңгизаты табылып алынган.

Алынган баңгизаттар экспертизага жөнөтүлүп, кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда иликтөө иштери жүрүп, материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!