Студенттин өлүмү үчүн алты жигит кармалды

5-Дек. 2017, Шейшемби, 18:06

Ошто 1-курстун студенти башы жарылган абалда сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-декабрь күнү, саат 10.30 чамасында Ош ШИИБнын жетекчилиги оперативдүү тергѳѳ тобу, чакыруу боюнча Ош шаарынын Н.Исанов кѳчѳсүнѳ барышкан. Ал жерде, аталган кѳчѳдѳ жайгашкан автоунаа коюучу жайдын артындагы жайдан жашы 18-25 жаштардагы адамдын (башы жарылган) сөөгү табылган. Жүргүзүлгѳн иликтѳѳ, издѳѳ иштеринин натыйжасында ал жигит, 1999-жылы Лейлек районунун Даркум айылында туулган, Оштогу медициналык колледждин 1-курсунун студенти С. уулу Д. болуп чыккан.

“Жүргүзүлгѳн тергѳѳ амалдарынын жүрүшүндѳ милиция кызматкерлери тарабынан 6 атуул кармалып, Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалган балдардын экөө эч жерде иштебейт, тѳртѳѳ ОшТУнун студенттери. Жашы боюнча 1992-жылы туулган бир, 2000-жылы туулган эки, 2001-жылы туулган эки жана 1999-жылы туулган бир атуул шектүү катары кармалышты. Алардын үстүнѳн КЖКнын “адам ѳлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергѳѳ жүрүп жатат”,- деп айтылат маалыматта.

Кармалган адамдардын кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда 2-декабрь күнү кечкисин, болжол менен саат 23.00-24.00 чамасында маркум ѳзү мас абалында келип бул балдарга жанжал салып, андан соң булар аны токмоктошкон. Бирок, ѳлтүрүшпѳгѳндүгүн айтышууда.

Учурда иликтѳѳ иштери жүрүп жатат. Тергѳѳ амалдарынын учурунда пайда болгон жагдайлар боюнча кошумча маалымат берилет

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!