​Үрөй учурган жол кырсыгы катталды (фото)

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 10:45

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-декабрда саат 18:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 299-чакырымында Токтогул районундагы Торкент айылына жакын жерде "Степ Вагон" менен "Хундай Гетц" үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Анын кесепетинен 7 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган.

Окуя болгон жерде ӨКМнин куткаруучулары тартылып, жабыркаган жана каза болгондорду унаадан чыгарып, жабыркаган адамдарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына жеткирилсе, каза болгондор аталган райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Учурда ИИМ кызматкерлери тарабынан жол кырсыгынын келип чыгуу себеби жана каза болгон жарандардын өздүктөрүн тактоо иштери жүргүзүлүүдө.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!