Жардыргыч заттар боюнча катуу эскертишти

19-Дек. 2017, Шейшемби, 14:08

Мамэкотехинспекциянын директору Канатбек Муратбековдун берген тапшырмасынын негизинде Инспекциянын өрттү көзөмөлдөө башкармалыгы Республика боюнча ири базарларда жана майда соода түйүндөрүндө пиротехникалык каражаттарга байланыштуу коопсуздукту камсыздоо, алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамэкотехинспекциянын башчысы Канатбек Муратбековдун кыш айлары башталгандан тарта пиротехникалык заттар боюнча көзөмөлдүктү күчөтүү тапшырмасын берген.

"Бүгүнкү күндө кыш айларындагы жарандардын коопсуздугуна байланыштуу бардык иштерди Мамэкотехинспекциянын директору өз көзөмөлүнө алды. Учурда атайын буйруктун жана жер жерлерге жүргүзүлгөн түшүндүрүү, алдын-алуу иштеринин негизинде жайма базарларда, өз алдынча саткан күркөлөрдө жардыруучу заттарды сатуу бир топ ирээтке келтирилди",-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, адамдардын өмүрүнө коркунуч алып келе турган жардыруучу заттарды жаш балдарга калтырбай ата- энелер өз көзөмүлүнө алуу керектигин эскертебиз. Ошондой эле, жардыргыч заттарды атайын уруксат кагаздары бар дүкөнчөлөрдө сатылуусу керек. Себеби, жаны жылдык жардыргыч заттардан улам өткөн жылдарда бир топ жабыркагандар жана ар кандай өрт кырсыктары чыгып, ири экономикалык чыгымдарга алып келген көрүнүнүштөр катталган.

Андыктан Мамэкотехинспеккция өзүңүздүн жана жакындарыныздын коопсуздугу үчүн алдын ала кам көрүп жүрүү керектигин эскертет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!