​Ымыркайдын сөөгү табылды

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 12:15

Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-декабрда болжол менен саат 13:00 чамасында Свердлов РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө “Аламүдүн-1” кичи районундагы ЖЭБ боюндагы каналда ымыркайдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге аталган райондун ыкчам-иликтөө тобу барып, текшерүү иштерин жүргүзүлгөндө жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылган.

Бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда милиция кызматкери ымыркайдын ата-энесин изделип жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!