Чубак ажы Жалилов эл менен жолугушат

12-Янв. 2018, Жума, 10:59

Бүгүн, 12-январда Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы Чубак ажы Жалилов илимий иш сапары менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында болмокчу. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязовдун айтымында, иш сапарыдын жүрүшүндө Чубак ажы Жалилов Кызыл-Кыя шаарындагы Мураталы Жуманов атындагы борбордук мечитинде жергиликтүү эл менен жолгушуп, жума баянын өтмөкчү.

"Ал эми дин аалымынын баяндамасына катышууну каалаган аялдар үчүн өзүнчө жай даярдалды",- деп кошумчалады Мукадас ажы Кожониязов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!