Көгүлтүр отун берүү токтотулат

13-Янв. 2018, Ишемби, 11:50

Бишкек шаарынын айрым аймактарында 15-январдан 26-январга чейин жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.

Көгүлтүр от газ түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу төмөнкү аймактарда убактылуу газ берилбейт.

15-16-январда Бишкек шаарынын Сагынбай көчөсүндөгү №77 дарегинде;

15-26-январда Бишкек шаарынын Красный строитель, Керамическая жаңы конуштарында, Төмөнкү Ала-Арча айылында, Анжиян, Логвиненко, Биринчи май, Зеленая, Колхозная, Киргизская, Белинский, Коллективная, Аул, Новосельская көчөлөрүнүн, Аул чакан көчөсүнүн, чакан Чүй каналынын кесилишкен аймактарында.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!