Жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт

13-Янв. 2018, Ишемби, 12:08

Аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы унаа жолдоруна кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-январдан 16-январга чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Эскерте кетсек, Аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө байланыштуу, ӨКМ Кыргызстандын тоолу унаа жолдору аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону белгилейт:
- ӨКМден берилген шашылыш билдирүүгө, аба-ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көнүл буруу;
- тоолуу унаа жолдорунда унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл;
- кышкы дөңгөлөктөр;
- күрөкчө, чынжырча, аптечка болуусу зарыл.

Өзгөчө кырдаалдарда 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!