Эмдөөдөн өткөрүүчүлөр керек

18-Янв. 2018, Бейшемби, 14:36

Муфтият ажыларга кийим тигүүчүлөр жана ажыга баруучуларды минингит жана мезгилдик грипке каршы эмдөөдөн өткөрүүчү тараптар ортосунда конкурс жарыялайт. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2018-жылдагы ажылык иштери башталгандыгына байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы 2018-жылдын 18-январынан 19-февралга чейин ажыларга кийим тигүүчүлөр ортосунда жана ажыга баруучуларды минингит жана мезгилдик грипке каршы эмдөөдөн өткөрүүчү тараптар ортосунда конкурс жарыялайт.

Конкурска катыша турган тараптар Муфтияттын төмөнкү дарегине кайрылса болот.

Бишкек ш, Гогол көч, 57 (Москва көчөсүнүн кесилишинде).

Байланыш тел: 0778900601

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!