Исаков аяр катмардагы үй-бүлөнүн абалынан кабар алды

14-Фев. 2018, Шаршемби, 12:24

Кечээ, 13-февралда премьер-министр Сапар Исаков Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай районунун Алга айылында жашаган аяр катмардагы үй-бүлөлөрдүн катарына кирген Тазагүл Мамытованын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.

Учурда Тазагүл Мамытова жашы жете элек төрт баланы тарбиялоодо, анын эң кичүүсү 4 жашта. Анын жолдошу, чабандык кесипти аркалаган Акыл Зулпуев 2014-жылы каза болгон. 2016-жылы жергиликтүү бийлик тарабынан бул үй-бүлө үчүн 2 бөлмөлүү үй курулуп берилген.

Сапар Исаков үй-бүлөгө материалдык көмөк көрсөтүп, тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган үй-бүлөнүн социалдык маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!