​«Достук» бекетининин өткөрүмдүүлүгү жогорулайт

3-Март 2018, Ишемби, 15:25

Премьер-министр Сапар Исаков вице-премьер-министри Дайыр Кенекеевди кабыл алды жана Ош облусундагы көзөмөл-өткөрүү пунктундагы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча буга дейре берилген тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшүн талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.

Дайыр Кенекеев өз отчетунда белгилегендей, мурдараак берилген тапшырмага ылайык, «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылган. Учурда паспорттук көзөмөл жүргүзүү үчүн кошумча төрт кабинаны: 2 – республикага кирүү, 2 – республикадан чыгуу үчүн кабиналарды орнотуу боюнча иштер жүрүүдө.

Өкмөт башчы жүргүнчүлөр агымынын жогорулашына байланыштуу «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Сапар Исаков коомдук тартиптин сакталышына, өткөрүү пунктунда жана мамлекеттик чек арадан өтүүдө жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселесине басым жасады.

Эскерте кетсек, былтыр Өзбекстан Кыргызстанга карай өтүүгө чектөөлөрдү алып таштаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!