Бишкекте 1 тоннадан ашык бешбармак жасалды

Бишкекте 1 тоннадан ашык бешбармак  жасалды
12-Март 2018, Дүйшөмбү, 12:34

Кечээ, 11-мартта Бишкек шаарындагы “Аю гранд комфорт” соода борборунун алдында бир тоннадан ашык бешбармак, 117 метрге жеткен кыргыз деликатеси - чучук даярдалып Гиннестин рекорддор китебине кирүү аракети жасалды.

Бир тоннадан ашык бешбармакты даярдоо үчүн 8 жылкы союлуп, анын эттери алдын ала 150 литрлик 12 казанга бышырылды. Бул тамакты жасоого 650 килограмм таза тууралган эт, 700 килограмм камыр керектелди. Жасалган бешбармактын салмагы 1464 килограммды түздү. Ал эми беш бармакты жасоо үчүн 50 ашуун ашпозчу тартылды. Ошондой эле 117 метрлик чучукту эт азыктарын кайра иштеткен компаниялардын бири жасап келген.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эң көп өлчөмдө бешбармак жасылгандыктан, бул тарыхый күнгө катышууга барган шаар тургундарынын саны өтө көп болду. Бул иш-чаранын уюштуруучулары даярдалган беш бармак менен чучукту шаар тургундарына боорсок менен кошо ооз тийгизишти.

Айта кетсек, 2015-жылы Казакстанда 765 килограмм бешбармак даярдалып, 100 метр чучук жасалып Гиннестин рекорддор китебине катталган. Ал эми Өзбекстанда 6 тонна палоо жасалган.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Асылбек Жээнбеков: Өзүбүздүн ишкерлерди колдоого алышыбыз керек
Асылбек Жээнбеков: Өзүбүздүн ишкерлерди колдоого алышыбыз керек
Уктоо абалыңыз сиз тууралуу эмне дейт?
Уктоо абалыңыз сиз тууралуу эмне дейт?
​19-март: күндүн табы 20 градуска чейин ысыйт
​19-март: күндүн табы 20 градуска чейин ысыйт
Көк-Таш–Ак-Сай-Тамдык жолунун курулуш иштерин улантылат
Көк-Таш–Ак-Сай-Тамдык жолунун курулуш иштерин улантылат
Желим баштыкты тое жеген кит өлдү
Желим баштыкты тое жеген кит өлдү
Назира Айтбекова:
Назира Айтбекова: "Двоечниктер" бириктиңер, тикенектей кирипсиңер...
​Заводду реконструкциялоого 2 млн. доллар керек
​Заводду реконструкциялоого 2 млн. доллар керек
Чыпалак баатыр: Хабиб экөөбүз дос болуп кеттик (видео)
Чыпалак баатыр: Хабиб экөөбүз дос болуп кеттик (видео)
​Футбол дүйнөсүн күлдүргөн пенальти катталды (видео)
​Футбол дүйнөсүн күлдүргөн пенальти катталды (видео)
Чет өлкөлөрдөн импорттолуп келинген жаныбарлар идентификацияланат
Чет өлкөлөрдөн импорттолуп келинген жаныбарлар идентификацияланат
Кыргызча  хит ырлар орусча ырдала баштады (видео)
Кыргызча хит ырлар орусча ырдала баштады (видео)
Прокурордун орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды
Прокурордун орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды
Мира Койчубекова “Мөл булак” ырына жаңы “өмүр” берди (видео)
Мира Койчубекова “Мөл булак” ырына жаңы “өмүр” берди (видео)
Жаш балдардагы какач канчалык кооптуу?
Жаш балдардагы какач канчалык кооптуу?
Сел каптап 50 адам көз жумду
Сел каптап 50 адам көз жумду
Макгрегор июль айында октагонго кайтаарын айтты
Макгрегор июль айында октагонго кайтаарын айтты