Бишкекте 1 тоннадан ашык бешбармак жасалды

12-Март 2018, Дүйшөмбү, 12:34

Кечээ, 11-мартта Бишкек шаарындагы “Аю гранд комфорт” соода борборунун алдында бир тоннадан ашык бешбармак, 117 метрге жеткен кыргыз деликатеси - чучук даярдалып Гиннестин рекорддор китебине кирүү аракети жасалды.

Бир тоннадан ашык бешбармакты даярдоо үчүн 8 жылкы союлуп, анын эттери алдын ала 150 литрлик 12 казанга бышырылды. Бул тамакты жасоого 650 килограмм таза тууралган эт, 700 килограмм камыр керектелди. Жасалган бешбармактын салмагы 1464 килограммды түздү. Ал эми беш бармакты жасоо үчүн 50 ашуун ашпозчу тартылды. Ошондой эле 117 метрлик чучукту эт азыктарын кайра иштеткен компаниялардын бири жасап келген.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эң көп өлчөмдө бешбармак жасылгандыктан, бул тарыхый күнгө катышууга барган шаар тургундарынын саны өтө көп болду. Бул иш-чаранын уюштуруучулары даярдалган беш бармак менен чучукту шаар тургундарына боорсок менен кошо ооз тийгизишти.

Айта кетсек, 2015-жылы Казакстанда 765 килограмм бешбармак даярдалып, 100 метр чучук жасалып Гиннестин рекорддор китебине катталган. Ал эми Өзбекстанда 6 тонна палоо жасалган.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!