"Атанын керээзи" Африкада мыкты тасма аталды

26-Июль 2017, Шаршемби

“Атанын керээзи" тасмасы Африкада өткөн эл аралык кинофестивалда үч байгеге ээ болду. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунун расмий сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 13-23-июлда Африканын Дурбан шаарында Эл аралык кинофестиваль старт алган. Мында тасма «Эң мыкты тасма» баш байгесин, "Режиссердун мыкты иши", "Оператордун мыкты иши" номинациялары боюнча сыйлыктарга ээ болду.

Эске салсак, Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу режиссерлук кылган «Атанын керээзи» көркөм фильми Монреаль шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда "Алтын Зенит" баш байгесин жеңип алган. Мындан тышкары бир катар эл аралык фестивалдарда байгелүү орунга ээ болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!