ЭВФ: чек ара экономикалык өсүштү төмөндөттү

ЭВФ: чек ара экономикалык өсүштү төмөндөттү
8-Ноя. 2017, Шаршемби, 17:45

Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын экономикасынын өсүүсүнүн алдын ала божомолдорун кайрадан карап чыкты. Бул тууралуу аталган фонддун Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси Эдвард Джемайель билдирди.

Аталган уюмдун божомолунда Кыргызстандын экономикасынын өсүүсү 2017-жылдын жыйынтыгы менен 3,2 пайызды камсыздашы мүмкүн. Кыргыз-казак чек арасындагы абалдан улам бул көрсөткүч мурдагы болжолдонгон көрсөткүчтөн 0,3 пайызга төмөндөгөн.

“Келерки жылы Кыргызстандын Ички дүң өндүрүмүнүн өсүүсү болжолу 3,3 пайыз болушу мүмкүн. Бирок биз чек арадагы абалды кошо караган жокбуз. Биз кыргыз-казак чек арасындагы абал жыл аягына чейин оңоот деп ойлоп жатабыз. Эгер андай болбосо божомолдоону келерки сапарыбыздын учурунда кайра карап чыгабыз”,-дейт Джемайель.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!