“Апамды издеп” тасмасы бардык кинотеатрларды көрсөтүлөт

10-02-2017

Бүгүн, 9-февралдан тарта өлкөбүздөгү бардык кино театрларда “Апамды издеп” комедиялык тасмасы көрсөтүлө баштайт. Ал эми Казакстанда 16-февралдан баштап көрсөтүлмөкчү. Тасманы тарткан чыгармачылык топ билдиргендей, фильм 2 жылда тартылып, ага 400 миң доллар сарпталган.


Тасманын режиссёру Руслан Акундун айтымында, тасмада жаш бала менен чоң адамдын ортосундагы достук мамиле баяндалган. “Балалуу болгондон кийин жаш балдарга болгон көз карашым өзгөрдү. Чоң адам менен жаш баланын ортосунда достук болушу мүмкүнбү деп ойлодум. Мындан улам Бакыт менен Жеңишке сценарий жазып берүү сунушу менен кайрылдым. Аларга багыт бердим. Сценарий жалпы 6 айда, тасма 2 жылда толук тартылып бүттү. Тасманын кандай тартылышын көрүүчүлөрдүн сынына койдум”,-деди ал.


Башкы каармандардын образын Азамат Уланов менен казакстандык актёр Тауекел Мусилим, амеркалык актёр Майкл Мапонго ойногон. Мындан тышкары Марат Козукеев, Жеңишбек Майрамбек уулу жана башка актёрлор тартылган.


Тасма Кыргызстанда көпчүлүк бөлүгү АКШнын Лос-Анжелес шаарында, Голливудда тартылган.


Тасманын башкы каарманы Азаматты Кудай эң эле акылдуу жана эс тутуму жакшы кылып жараткан эле, бирок тилекке каршы жаш баланы ата – эне мээриминен тез ажыратып койгон болот. Айрымдары Азаматтын апасы Америкада дешет. Ага ишенген бала, өз апасын табуу үмүтү менен, мелдешти жеңип, АКШга сапар алат. Деңиз артынан апасын таба алабы же жокпу? Күтүлбөгөн окуялар жана америкалык жашоочулар менен кызыктар күтүп турган болот. Мына ушундай кызыктын баары тасмада кеңири баяндалган.


“Апамды издеп” тасмасын тарткан чыгармачылык топтун курамы.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!