“Саякбай” тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү

 “Саякбай” тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү
12-Март 2018, Дүйшөмбү, 13:43

Бишкекте 10-мартта “Саякбай” тасмасы жабык түрүндө көрсөтүлдү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, актерлер, кино ишмерлер катышты.

“Саякбай” тасмасы ушул мезгилге чейин эл аралык кино сыйлыктарда 6 номинацияны жеңип алган. Алсак, АКШда, Лондондо, Канадада жана башка мамлекетте өткөрулгөн сыйлыктарда бир катар номинациялардын ээси болгон.

Белгилей кетсек, улуу манасчы тууралуу тасмага көптөгөн сценарийлерден режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун варианты жактырылган. Тасманы "Саякбай манасчы" фонду каржылаган. Бөлүнгөн каражаттын өлчөмү 100 млн. сомду түзөт.

Тасманын көп бөлүгү Саякбайдын туулуп өскөн жери Тоң аймагында тартылган. Манасчы жашаган үйү да көл жээгине салынган. Ал эми башкы ролду белгилүү киноактер Марат Жанталиев аткарган.

Манасчынын жубайы Бейшекан апанын ролунда Тынара Абдразаева ойногон.

Манасчынын кичине кезин белгилүү жаш Манасчы Үмөт, орто жашын Бактыбек Нурмат уулу аткарды. Ал эми Чыңгыз Айтматовдун образы аткарууга анын баласы Элдарга татыктуу болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!