“Манас оюндары-2017” мелдеши өтөт

10-Авг. 2017, Бейшемби

Ысык-Көлдө “Манас оюндары-2017” мелдеши өткөрүлө турганын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул спорттук мелдеш улуттук жана элдик оюндарды өнүктүрүү, элди дене тарбияга, спортко кызыктыруу жана «Манас» эпосун популяризациялоо максатында 4 жылда бир өткөрүлүп турат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиевдин айтымында, бул жылы аталган оюндар ыйман, адеп-ахлак жана маданият жылына жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө арналган. Андан сырткары, бул оюндар 2018-жылы өткөрүлө турган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу болуп саналат.

«Манас оюндары» үч этапта өтөт. Биринчи этапта 2017-жылдын 5-июлуна чейин райондор жана шаарлар арасында массалык оюндар болуп өттү. Ал эми экинчи этапта 15-августка чейин облустарда, Бишкек жана Ош шаарларда өткөрүлдү. Финалдык мелдеш 2017-жылдын 25-31-августтарында Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) өтөт», - К. Арпачиев.

«Манас оюндары-2017» программасына улуттук оюндардын 8 түрү киргизилген: көк бөрү, тогуз коргоол, ордо, салбуурун (бүркүт салуу, тайган жарыш жана жаа атуу), кыргыз күрөш, алыш, эр эңиш жана ат оюндар (ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш жана кыска аралыкка ат чабыш).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!