Мэриянын футбол боюнча кубогу өттү

Мэриянын футбол боюнча кубогу өттү
22-Сен. 2017, Жума, 14:43

Жалал-Абад шаарында 21-22-сентябрь күндөрү спорттун кичи футбол түрү боюнча Жалал-Абад шаар мэринин кубогу өткөрүлдү. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Оюндун башталышында ага жалпы 14 команда катышып, анын ичинен төрт команда финалда беттешишти. Биринчи жана экинчи орунга шаардагы балдардын спорт мпктебинин футболчулары жана “Жалалабатэлектро” ААКнын командасы, 3-орунга Сузак районунун Ырыс айылынан келген команда менен Кочкор-Ата шаарынан келген команда ат салышты. Финалдын жыйынтыгында, Жалал-Абад шаарындагы балдардын спорт мектебинин командасы 1-орунга ээ болуп, мэринин кубогу жана акчалай сыйлык менен сыйланышты. Ал эми 2-орунга “Жалалабатэлектро” ААКнын, 3-орунга “Маржанбек” командалары ээ болушту.

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев жеңишке жетишкен командаларга мэрдин кубогун, акчалай сыйлыктарды, грамоталарды тапшыруу менен бирге оюндун катышуучуларына ийгилик каалады.

- Мына эки күндөн бери беттеш болуп, анын натыйжасында эң күчтүү делген төрт команда калдыңар. Силер - шаардын жүзүсүңөр. Анткени шаарыбыздан башка мамлекеттерге барып, алдыңкы орундарды багындырып келген спортчуларыбыз аз эмес. Мэрдин кубогу жыл сайын өткөрүлүп келет. Бүгүнкү кубок “Ыйман, адеп жана маданият” жылына арналды. Жеңишиңер кут болсун. Силерге бекем ден-соолук, узун өмүр каалайм. Шаарыбыздын атын чыгарган мыкты спортчулардын катарын толуктап жүрө бергиле, - деди ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Президент министр Чыңгыз Айдарбековго тапшырмаларды берди
Президент министр Чыңгыз Айдарбековго тапшырмаларды берди
Алмазбек Атамбаевдин жан сакчылары кыскартылдыбы? УКМКнын жообу
Алмазбек Атамбаевдин жан сакчылары кыскартылдыбы? УКМКнын жообу
Эламан жана Чолпон
Эламан жана Чолпон "Форсаждын" актрисасы менен (видео)
Атамбаевдин жан сакчылары кыскартылды
Атамбаевдин жан сакчылары кыскартылды
Стивен Спилбергтен «Секретное досье» тасмасы
Стивен Спилбергтен «Секретное досье» тасмасы
Бакыт Шаршембиев 9 кылмыш ишинин фигурантыбы? (видео)
Бакыт Шаршембиев 9 кылмыш ишинин фигурантыбы? (видео)
Малы менен тоодо калган чабандар куткарыла элек
Малы менен тоодо калган чабандар куткарыла элек
Окуучуларга танаписте сүйлөшүүгө тыюу салды
Окуучуларга танаписте сүйлөшүүгө тыюу салды
Кыргыз-өзбек чек арасындагы эки тилке макулдашылды
Кыргыз-өзбек чек арасындагы эки тилке макулдашылды
23-октябрь: абанын температурасы +20 градуска чейин жогорулайт
23-октябрь: абанын температурасы +20 градуска чейин жогорулайт
Президент «Депутаттарды таркатуу жөнүндө» жарлыкка кол койду
Президент «Депутаттарды таркатуу жөнүндө» жарлыкка кол койду
“Despacito” ырына Гиннестин рекорддор китебинен жети титул берилди
“Despacito” ырына Гиннестин рекорддор китебинен жети титул берилди
ЭККМК депозиттик эсепке 5 млн сомдон көп акча которду
ЭККМК депозиттик эсепке 5 млн сомдон көп акча которду
Баястан мурда сүйлөшкөн кыздар уялчаак болгонун айтты
Баястан мурда сүйлөшкөн кыздар уялчаак болгонун айтты
Алмазбек Атамбаев Россияга эмнеге барат?
Алмазбек Атамбаев Россияга эмнеге барат?
“Apple” дагы бир жаңылыгын 30-октябрь күнү сунуштайт
“Apple” дагы бир жаңылыгын 30-октябрь күнү сунуштайт