Бишкекте жумушсуздардын саны 6,7 миңге жетти

15-Авг. 2017, Шейшемби

2017-жылдын 1 августуна карата Бишкек шаарында Жумуш менен камсыздоо кызматында 6 миң 744 жаран каттоодо турат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Бишкек шаардык ишке орноштуруу боюнча башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Жумуш менен камсыздоо кызматында каттоодо турган жарандардын 5 миң 106сы расмий жумушсуз макамына киргизилген.

Анын ичинен аялдар 3 миң 310, жаштардын саны 1 миң 632ге жетет. Жыл башынан бери аркандай иш-чаралардын жүрүшүнүн жыйынтыгында 6 миң 518 жаран иш менен камсыз болду. техникалык адистик алууга 899 адам жөнөтүлдү. Коомдук иштерге 111 жаран тартылса, ал эми 5 жаранга чакан насыя берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!