Комуз коллекциялык тыйындар чыгарылды

10-Май 2018, Бейшемби, 15:32

Мындан 25 жыл мурда 1993-жылы 10-майда эртең мененки саат төрттөр чамасында Кыргызстандын кыргыз сому жүгүртүүгө чыгып, расмий төлөм каражаты болуп калган. Рубль менен сомдун паралеллдик жүгүртүүсү 1993-жылдын 10-майынан 14-майга чейин гана созулган. Ошол жылдын 14-майында саат кечки 18:00дө сом республикабыздын аймагындагы бирден-бир мыйзамдуу төлөм каражаты болгон. Мындай кырдаал менен акча кредиттик саясатыбыз өз алдыбызча жүгүртүүгө шарт түзгөн. Бул туура чечим болгонун мезгил тастыктады. Ар бир өлкөнүн негизги экономикалык туруктуулугунун көрсөткүчтөрүнүн бири бул улуттук сом болуп саналат. Анын ичинен бүгүнкү сатып алуу жөнүндөгү жана баалардын туруктуулугу өтө маанилүү. Бүгүнкү күндө өлкөнүн экономикасына жана саясий түзүмүнө тийгизген таасирлерине карабастан, кыргыз сому өзүнүн туруктуулугун сактап калды. Кыргыз валютасы азыркы учурда башка валюталардын катарында татыктуу орун ээлейт. Кыргызстандын басылмалары эң акыркы заманбап технологиялар менен жасалган. Улуттук валютабызда Манастын, белгилүү мекендештерибиздин сүрөттөрү, тарыхый имараттар чагылдырылган.

25 жыл ичинде улуттук валюта төрт жолу өзгөрүлгөн. Азыркы учурда биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү сериядагы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган. 2017-жылы өркүндөтүлгөн 4-сериядагы банкноттор жүгүртүүгө чыккан. Мындан сырткары 2017-жылдын ноябрь айында алгачкы эстелик эки миң сом номиналдагы банкноту чыкты. Ал Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына, Улуттук банктын түптөлгөндүгүнүн, улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылгандыгынын 25 жылдык маарекесине арналып чыккан. Бул эстелик борбордук жана Чыгыш Европа ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн ичинде "2018-жылдын регионалдуу эң мыкты банкноту", эл аралык сынакта жеңүүчү катары аныкталган.

Кыргызстандын улуттук валютасынын 25 жылдыгына карата Улуттук банк эки коллекциялык тыйындарды чыгарган. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында алардын биринчиси “Тарыхый окуялар” сериясынан “КР улуттук валютасына 25 жыл” коллециялык тыйыны, экинчиси: “Улуттук музыкалык аспап” сериясындагы “Комуз” коллециялык тыйыны.

"5 сом номиналындагы “КР улуттук валютасына 25 жыл” тыйынын баасы 500 сом. Бардыгы болуп 5 миң даана чыгарылган. “Комуз” тыйыны күмүштөн жасалган. Баасы 2905 сом. 1000 даана чыккан. Тыйындарды Улуттук банктын кассаларынан сатып алууга болот. Коллекциялык тыйындар 1995-жылдан бери чыгарылып келет. Ушул жылга чейин “Бардыгы болуп 69 тыйын чыгарылган. Алардын төртөө алтын, он алтысы күмүш”,-деди төрага.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!