Баткенде чек ара тозоттору ачылды

10-Ноя. 2017, Жума, 15:16

Баткен облусунда “Миң-Булак” жана “Чарбак” чек ара тозоттору ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, чек ара тозотторунун ачылыш салтанаты 10-ноябрда болду.Чек ара тозотторунун ачылыш ишчарасына Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Аталган чек ара тозотторунда тең эки кабаттуу турак-жай курулуп, аскер кызматкерлерине берилди. Ошондой эле кызмат өтөөгө тийиштүү имарат курулган. Курулуш иштери мамлекеттик бюджеттен каржыланган.

Маалымат катары, “Миң-Булак” чек ара тозоту кыргыз-тажик чек арасын коргоону камсыз кылса, ал эми “Чарбак” чек ара тозоту кыргыз-өзбек чек арасын коргоону камсыз кылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!