​Паспорттун баасы төмөндөдү

30-Дек. 2017, Ишемби, 12:28

ID-карт паспорттун баасы төмөндөдү. Бул тууралуу Мамалекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, электрондук паспортту алгачкы ирет алып жаткандар 290 сом төлөшөт. Паспортту калыбына келтирүү же алмаштыруу дагы ошол эле баа менен жүрөт. Ошондой эле атын же фамилиясын алмаштырып паспорт алмаштырган учурда паспорттун акысы 320 сомду түзөт.

Ал эми тез аранын ичинде алуу керек болгон учурда паспорттун баасы жогору болот. 3 сааттын ичинде паспорт алуу акысы 4000 сом, 2 иш күндө алуу-1760 сом, 4 күндө алуу- 1420 сом, 8 күндө алуу-1140 сом.

Жалпы жарандык паспортту алуу 530 сом турат. Аны алмаштыруу 590 сом болот. Аты жөндү алмаштырган учурда кайра паспорт алуу 630 сом.

Электрондук паспортту бекер алуу кампаниясы башталгычакты 530 сом болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!