​АКШ кышкы олимпиаданы байкот кылат

​АКШ кышкы олимпиаданы байкот кылат
4-Янв. 2018, Бейшемби, 01:49

АКШ Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы кышкы Олимпиадага Түндүк Кореянын спортчулары катыша турган болсо, байкот кылууга чакырык жасашты. Бул тууралуу республикачыл-сенатор Линдси Грэм айтты. Мындан мурда Түштүк Корея - түндүк өлкөсү менен олимпиадага катыштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүп жаткандыгы кабарланган. Ал эми Эл аралык олимпиада комитети (МОК) Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган кышкы Олимпиадага Түндүк Кореянын спортчулары менен түздөн-түз сүйлөшүүлөрүн колдой тургандыгын "Рейтер" агенттиги билдирген эле. Ал гана эмес жаңы жылдык кайрылуусунда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кышкы Олимпиадага спортчуларды жөнөтүүгө даяр экендигин жана бул эки өлкөнүн келечеги үчүн жакшы саамалык экендигин белгилеген.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!