Май ташуучу унаанын алдына кирип кетти

15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 12:01

Бишкек-Ош унаа жолунун 253-чакырымында эки унаа кагышып төрт адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 13-январь күнү болжол менен саат 14:15 чамасында
Токтогул районунун Чычкан капчыгайында “Опель-Зефира” жана “Фредлайнер” үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.

“Опель-Зефира” үлгүсүндөгү автоунаа Баткенден Бишкекти көздөй 6 жүргүнчү менен келе жатып, Чычкан капчыгайынан рулга ээ боло албай карама-каршы жолго чыгып кетип, май ташуучу унаанын алдына кирип кеткен.

Жол кырсыгынын натыйжасында “Опель-Зефира” үлгүсүндөгү автоунаанын 41 жаштагы айдоочусу жүргүнчүлөрү 71 жаштагы Т.К, 27 жаштагы А.Э., 31 жаштагы Ж.М. атуу жарандар каза болгон.

Калган жүргүнчүлөр ар түрдүү дене жаракаттары менен Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

Бул факты боюнча Токтогул РИИБнин тергөө кызматы кылмыш ишин козгоп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!