​Кесиптешинин телефонун уурдап алган кыз

17-Янв. 2018, Шаршемби, 13:07

Чогуу иштеген кыздын уюлдук телефонун уурдоо фактысы катталды. Бул тууралуу Ленин райондук ИИБи билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкектеги кафелердин биринде иштеген кыз 7500 сомдук телефонун уурдатып жибергендиги тууралуу арыз менен кайрылган.

Ленин райондук ИИБинин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары 27 жаштагы ошол эле кафеде иштеген Ш кызы Р кармалган.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси "Уурулук" менен кылмыш иши козголгон.
Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!