Дүкөндүн жанынан эки кишинин сөөгү табылды

24-Янв. 2018, Шаршемби, 13:59

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында эки эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ички иштер мнистрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, соода түйүнүнө жакын жерде өлгөн эки белгисиз адамдын денеси табылган. Алардын денелеринде бычактын издери болгон. Учурда окуя болгон жерде тергөө амалдары жүрүп жатат.

Табылган адамдардын өздүгү тактала элек.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!