Тайгак жол төрт адамдын өмүрүн алды

3-Март 2018, Ишемби, 15:09

Бишкек-Торугарт-Нарын унаа жолунда кырсык болуп, төрт адам каза болду. Бул тууралуу жол коопсуздук кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-мартта болжол менен саат 08:15 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 56-чакырымында “Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү унаа чыгышты көздөй бара жатып аба ырайына байланыштуу рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып кеткен. Өз тилкесинде бара жаткан “Ауди- 100” үлгүсүндөгү унаа кагылышуудан качуу максатында солго буруп, тилекке каршы “Хонданын” артында бара жаткан “Тойота-Алтеза” унаасы менен кагылышкан.

Кырсыктын натыйжасында “Тойота-Алтеза” үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги 41 жаштагы жүргүнчү алган жаракаттан улам жеринде каза болгон. Ошондой эле Ат-Башы районунун үч жашоочусу реанимацияда каза болушкан. “Ауди-100” унаасынын айдоочусу 40 жаштагы Токмок шаарынын тургуну ооруканага жеткирилген.

Соттук-медициналык жана унаа техникалык экспертиза дайындалып, иликтөө башталды. Жолдун тайгактыгы кырсыкка себеп болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!