Жаңы троллейбустар алынып келинди

Жаңы троллейбустар алынып келинди
3-Апр. 2018, Шейшемби, 11:20

Бишкекке жаңы дагы төрт троллейбус алып келингенин Бишкек троллейбус башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, темир жолу аркылуу алып келинген троллейбустарды башкармалык түшүрүп алды. Бирок, бул троллейбустар дароо эле каттамга чыкпайт.

«Жаңы алынып келинген троллейбустарды азырынча өткөрүп ала элекпиз. Заводдун кызматкерлери келип, кабыл алуунун бардык жол-жобосу аяктагандан кийин гана транспорт эл ташып баштайт», - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекке дагы 5 жаңы троллейбус алынып келинген. Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 52 жаңы троллейбус алынып келинет. Калган троллейбустар июнь айына чейин алып келинет. Россиянын «Тролза» компаниясынан 37 троллейбус алынса, калган 15и Беларуссиядан алынат. Транспорттун жалпы суммасы 7 миллион евро. Бул каражатты Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы берген. Мындай аракеттер Бишкектеги коомдук транспортторду жаңылоо долбоорунун алкагында ишке ашып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​16-декабрь: күн суук болуп, кар жаайт
​16-декабрь: күн суук болуп, кар жаайт
Жамшитбек Калилов:
Жамшитбек Калилов: "Жумушсуз калбайм деген ойдомун" (видео)
Ырчы Кулипа Керимбаева: “Жашоо өзү театр, ал жашоодо ар кандай”
Ырчы Кулипа Керимбаева: “Жашоо өзү театр, ал жашоодо ар кандай”
Украина: “Россияга поезд каттамдары токтотулсун”
Украина: “Россияга поезд каттамдары токтотулсун”
“Facebook” желеге 7 миллион колдонуучунун сүрөттүн жарыялады
“Facebook” желеге 7 миллион колдонуучунун сүрөттүн жарыялады
Транспорт министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетти
Транспорт министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетти
Президентке, өкмөткө каршы акциялар кайра жанданды
Президентке, өкмөткө каршы акциялар кайра жанданды
Вице-спикерликке Аида Касымалиеванын талапкерлиги жактырылды
Вице-спикерликке Аида Касымалиеванын талапкерлиги жактырылды
“Brabus” дүйнөдөгү эң кымбат жол тандабасты курду
“Brabus” дүйнөдөгү эң кымбат жол тандабасты курду
​Калктын 0.8 пайызы жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде жашайт
​Калктын 0.8 пайызы жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде жашайт
30 кабаттык мейманкана 15 күндө курулду
30 кабаттык мейманкана 15 күндө курулду
​Бишкек мэриясы 301,2 млн. сомго автобус сатып алат
​Бишкек мэриясы 301,2 млн. сомго автобус сатып алат
Өкмөттө ИДП көбөйтүү демилгеси боюнча кеңешме өттү
Өкмөттө ИДП көбөйтүү демилгеси боюнча кеңешме өттү
Банкоматтардан акча чыгарууга чектөө киргизилди
Банкоматтардан акча чыгарууга чектөө киргизилди
Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президентине көңүл айтты
Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президентине көңүл айтты
Эске сактоо жөндөмүн жакшыртуунун эң оңой жолу
Эске сактоо жөндөмүн жакшыртуунун эң оңой жолу