15-июнга карата аба ырайы

15-Июнь 2017, Бейшемби

Бүгүн, 15-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +23..+28;

Талас аймагында түнкүсүн +13...+18, күндүз +23.+28;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +27...+32;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9...+14, күндүз +18...+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +17...+22;

Бишкек шаарында 15-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз +26...+28 градус ысык болот.

Ал эми 16-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!