Кечээ үч облуста интернет жок болду

9-Март 2017, Бейшемби

Кечээ, 8-март күнү саат 04:37де Чүй облусунун Краснореченск айыл өкмөтүндө интернет өткөрүүчү зымдар үзүлүп, Нарын, Ысык-Көл облустары толугу менен жана Чүй облусунун бир бөлүгү интернетсиз калган. Бул тууралуу "Кыргызтелеком" ишканасынын маалымат кызматы билдиришти.

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар жезден жасалган кабелди уурдашканынан зымдар үзүлгөн. Жалпысынан 250 метр кабель уурдалган.

"Аймактарды интернет менен камсыздоо максатында тийиштүү кызматкерлер оңдоо иштерин жүргүзүп, саат 12:18де ал калыбына келтирилген", - деп маалымдайт мекеме.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!