​"Кыргызстандагы эң пайдалуу бизнес: чакан зоопарк" (видео, фото)

​
22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 17:37

Ырас, акыркы учурда элибиз жакшы жашаштын терең сырын ар тараптан үйрөнүп келет. Дегеним, бүгүнкү күндө Дамира Табалдиева Бишкек шаарынын чет жакасындагы Байтик айылында канча жылдан бери африкалык жандыктарды өстүрүп, анын пайдасын көрүп келет. Анткени, мындай чакан зоопарк фермасы Кыргызстандагы жападан жалгыз болгондуктан, бул жай көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурдуруп турат. Бул жайдагы жандыктарды акыга көрүү үчүн кызыгып келген кишилердин арты үзүлбөйт. Дал ушул чакан зоопарктын кожойкеси менен “Zaman Кыргызстан” маалымат агенттигинин кабарчысы пикир алышты.





Дамира айымдын айтымына караганда, 2003-жылдары анын жолдошу төө куштардын мекени Африка деп эсептелингенине карабастан сырттан Кыргызстанга 6 төө куш алып келип, бага баштаган. Бирок, бул жакка төө куштарды алып келип бакканга чейин аларды “Кыргызстанда аталган кушту баксак кандай болот?”,- деген суроо көп ойлондурган.

Ошондон бери анын бул ишке аралашканына он беш жылдан ашык убакыт болгон.

Жолдошум Кыргызстанга эң биринчилерден болуп төө кушту алып келип бага баштаган учурда бул кушту көргөнү кызыгып келген адамдардын арасынан бизге күлүп, урушкандарыда, колдогондору да болду. Колдогондорду көргөндө сүйүнүп калчубуз. Анан ошентип отуруп, чакан зоопарк ачуу идеасы жаралды. Мындай идеанын жаралышына биринчиден кызым менен балам телевизордон, интернеттен башка куштарды көрүп, алар “Тоос” менен “Торгой” алалы деп калышы себеп болду. Экинчиден төө кушту көрүү үчүн келген адамдар бизден “төө куштан башка эмнеңер бар?”,- деп сурай бергендиктен алардын талабын орундатуу үчүн 50дөй төө куштун бир канчасын сатып, чакан зоопарк ачуубузга аларда түрткү болду. Ошондуктан эң биринчи өрдөктүн бир түрүн (утка мандаринка) атайын сатып алдык. Анан башка дагы жандыктарды акырындан сатып алып отуруп, чакан зоопаркты негиздедик. Учурда зоопарктын шартын жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз”,- дейт чакан зоопарк фермасынын кожойкеси.

“Бул жайдагы жандыктарды көрүү үчүн кызыгып келгендер абдан эле көп. Окуучулар, студенттер атайын топ-топ болуп көрүп кетишет. Бирок, алар жандыктарды көрүү үчүн киши башына 50 сомдон төлөшөт. Мындан улам зоопарктагы жандыктарды багуу пайдалуу. Башкача айтканда кирешеси Кудайга шүгүр. Себеби бул жандыктарды багуу биз үчүн киреше гана алып келип турат. Мисалы, бир төө куштун балапаны 300 доллар, бир жумурткасы 5000 сом. Жумуркасын балапан кылып алууга чогултуп да, жеп көрүүгө кызыгып бирден деле сатып алып кеткендер да бар. Андан сырткары төө куштун жумурткасынын кабыгы менен жүнү дагы баалуу келет. Анткени, булардын бир жумурткасынын кабыгын 300 сомго сатып алып, андан сувенир жасашса, узун ак түстөгү канатынын бир талын 200 сомго сатып алып, топуга колдонушат. Бир топу үчүн 10-15 тал керектелет экен. Ал эми майда, күрөң түстүү канаттарын болсо кичинекей бийчи кыздардын баш кийимдери үчүн алып кетишет. Ошондой эле башка жерлерде төө куштун терисинен атайын сумкаларды, тапичкелерди тигишет экен. Биз тери иштетүүнүн сырын билбегендиктен, анысын пайдалана албай калып жатабыз”,- деди Дамира айым.

Ошондой эле биздин колдо бир төө куш 30-40 жумуртка, аз дегенде 20 жумуртка берет. Булар 3 жашка толгондон баштап тууй башташат. Биздин жерде төө куштар жумурткаларын баспагандыктан, балапандарын инкубатордон чыгарып алабыз. Жумуртканын дагы балапан чыкчусу болот, чыкпачусу болот. Мисалы, өңү ак жумурткадан балапан чыкпайт. Балапан чыгаруу үчүн 1,2-1,5 кг салмактагы кызгылтым түстөгү жумурткаларды инкубаторго тандап салабыз, анан 42 күндөн кийин балапан чыга баштайт. Балапандары чыккан алгачкы эки күндө таптакыр азыктанышпайт. Үчүнчү күн дегенде гана тооктун жумурткасын сууга бышырып, майдалап беребиз. Анан көп өткөзбөстөн ага жем аралаштырып берип баштайбыз. Балапандар бат эле торолуп, жетилишет.Чоңойгондо бир эркегине үч ургаачысы туура келет. Эркек төө куштар ургаачысынан бир топ айырмаланып, өңү кара жана чоң келишет. Кадимки короздой эле эркектери бири-бирин чукушуп, тебишкендиктен аларды бири-биринен бөлүп клеткага өз өзүнчө багабыз”,- деп кошумчалады ал.

Бул чакан зоопарктагы жандыктарды багууда беймазага салган маселе деле болгон жок дейт маектешибиз. Негизи эле бул зоопаркта багылып жаткан жандыктар жөнөкөй жандык болбогондуктан аларга чөп, жем, жашылча-жемиш берип турушат. Мисалы, зоопарктагы эң эле чоң жандык болгон 1 төө куш бир күндө орточо эсеп менен алганда 1 килограмм жем жана 3 боо чөп жейт. Андан башка жашылчалардын калдыгын, жер-жемиштердин кабыгын жей берет. Ошондуктан карманыбыз төө куш багуу мал бакканга караганда алда канча пайдалуу жана үнөмдүү болгондуктан бул куштуу сатып алууга кызыккан кардарлары бир топ эле көбөйүп калганын айтат.





Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!