“Nutella” менен чач боёсо эмне болот?

“Nutella” менен чач боёсо эмне болот?
6-Апр. 2018, Жума, 16:32

Эгер де сиз “Nutella” шоколад пастасы жегенге гана арналган десеңиз жаңылышасыз. Батыштын чач тарач боюнча адистери чач боёнун жаңы техникасын тестирлөөдөн өткөрүштү. Анын өзгөчөлүгү чач боёктун ордуна алар “Nutella” пастасын пайдаланышкан. Бул тууралуу “24tv” маалымдайт.

Мындай өзгөчө тажрыйба Бириккен Араб Эмиратындагы “Abed&Samer” салонунда өттү. Анда шоколад менен токой жаңгагынын аралашмасын чачтын түсүн бир аз коюлатуу үчүн колдонушкан. Адатта бул сары чачты коюу түскө алмашытыруу үчүн колдонулат.


Тажрыйбаны “Marie Claire” жана “Cosmopolitan” журналдарынын журналистери кайталап, “Nutella” менен боёлгон чач көпкө өңун сактап жүрө албаса дагы боёктун өзунчө өзгөчөлүктөрү бар экенин аныкташты. Паста өзүнүн курамындагы пальма майы менен какао унунун жардамы менен чачты нымдаштырып, азыктандырат.

“Refinery 29” телеканалы да ушул тажрыйбаны кайталап, чач боёнун мындай ыкмасы пайдасыз экенине көз жеткизди. Ошондуктан, “Nutella”ны пайдасыз нерселерге бекер коротпой, анын таттуу даамына тамшанган жакшы деген жыйынтыкка келишти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!