Келечекте суроо-талапка ээ адистиктер кайсылар?

Келечекте суроо-талапка ээ адистиктер кайсылар?
30-Май 2017, Шейшемби

Мына минтип акыркы конгуроо да кагылып, бир нече жаш бүтүрүчүлөр жаңы өмүргө кадам таштай башташты. Алар үчүн баш оорутчу маселе-кайсы окууну окуп, кандай адистик боюнча билим алуу керек деген. Биз ушу суроону жеңилдетүү максатында азыркы убакта талапка ээ 10 кесипти сунуштамакчыбыз.

Инженерлерге деген суроо-талаптын канчалыкты экенин билесизби? Кесипкөй инженерлер менен техникалык адистердин аздыгынан көптөгөн жергиликтүү компаниялар чет жерден атайы адистерди алдырып жатышат. Инженерия –бул өнөр кесип тармагындагы күйүүчү май-газ, архитектура жана дагы башка областтарды камтыйт. Ушул адисти тандап, заманбап билим менен суугарылып чыксаңыз, сизди чоң жумуш орду күтүп жатат.

IT – адистери- маалымат технологиянын башкы бөлчөгү десек да болот. Тагыраак айтканда веб-дизайнер, программист, SEO-адиси –эң жогорку төлөнүүчү “компютерлик” кесиптер. Булардын башкы максаты- жумуш иштөөгө жана жакшы имидж калыпташтыра билген программа менен камсыз кылып, аны бир калыпта кармап туруу. Азыркы кезде келген компания IT-адистерине зарыл.

Кызмат көрсөтүү тармагындагы адистер Батыш Европа менен АКШда болгон суроо-талап өтө жогору экен. Кыргызстан үчүн да азыркы убакта бул тармактагы адистерге суроо талап боло бермекчи. Калктын саны өскөн сайын тейлөө көрсөтүүчү адистердин азаюусу анык. Эгер ушу тармакта билим аламын десеңиз өкүнбөйсүз.

Дарыгерлер кайсы гана заманда болбосун урматтуу кесиптердин бири болуп кала бермекчи. Өз кесибин жакшы билген дарыгерлер үчүн ар качан жумуш орду даяр. Биздин элибизде кесипкөй дарыгер адистери жетишпөөчүлүк ар дайым болуп келген көйгөйлөрдүн бири. Эгер узак жылдык окуудан тажабай, билгичтик менен акырына чейин окуп, мыкты кесипке ээ болууну кааласаңыз анда бул тармак сиз үчүн.

Маркетолог адистиги компаниянын негизги стратегиясы болуп саналат. Алар өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ар кандай, жакшы ой-тилегин камсыз кылууга багытталып, келишим системасын башкара билүүсү шарт. Маркетологдор бааны изилдеп отуруп жумуш аткарышат. Мындан сырткары аларга бизнес-пландарды, кесип ордунун каржысын тийиштүү жумшоо сыяктуу маанилүү иштер тапшырылган.

Бул тизмеде мугалим адистиги кайдан журөт деп ойлоп калган чыгаарсыздар? Ага таң калуунун эч кажети жок. Себеби, жогорку клафикациялуу мугалимдер ар качан коомчулукка керек болот. Ал эми бугүнкү күндө англис тилин билген мугалимдер абадай керек болуп жатканын баарыбыз эле билсек керек

Логистика тармагы кесип орду үчүн өтө маанилүү. Себеби, өндүрүштү экспорттоо менен импортто, эл аралык жана ички керектөөчүлөрдү издөө ушу адис ээлерине түз байланыштуу. Логист адистери берилген чектөөлөрдү жактырбагандар үчүн өтө ыңгайлуу. Башкысы логистке интуиция, туура ойлонуу, кыйын учурлардан тез чыга билүү, адамдар менен карым-катнаш жасай билүү, тил таап кетүү керек болот. Аталган мүнөздөр менде бар десеңиз логистикага документтерди тапшырыңыз.

Менеджерлер-бүгүнкү күндө жогорку суроо-талапка ээ. Себеби, эч кандай компания, кыймылсыз мүлк агенттиги, кичинекей фирма болсо да ушу адистердин жардамына муктаж болот. Сатуу тармагынан баштап, кызматкерлер менен жумуш иштөө алардын моюнунда.

Бугалтер адистигин тандагандан мурда, бул тармактын өтө жоопкерчиликтүү экенин эске алганыңыз жөн. Азыркы убакта бухгалтерия менен аудит боюнча көптөгөн компаниялар аутсорсингтик тармакта иш алып барганы менен эсепчи адистиги эч качан суроо-талаптан түшкөн эмес. Өзгөчө өнүккөн жана өнүгуп келе жаткан элдерде өз статусун жоготпойт.

Биотехнологтор-– биологиялык системалар менен элементтер боюнча жумуш иштеген адистер. Өлкөдө айыл чарбачылыгы менен молекулярлык медицинада, ошондой эле биофармацевтикада аталган адистер жокко эсе. Келечекте да бул кесиптерге суроо-талап көбөйбөсө азайбайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!