Үй кожойкелери үчүн пайдалуу кеңештер

Үй кожойкелери үчүн пайдалуу кеңештер
20-01-2017

Үй тазалоого убакыт аз болгондуктан ушул тажрыйбалар сизге жакшы жардам берет.



Раковинаны кантип тазалоо керек?



Ашкана жана ванна бөлмөлөрүндөгү раковиналар мусорго толуп, суу кетпей жатса анда төмөндөгү ыкманы сунуштайбыз.
Суу акчу жерге бир мүнөттөй ысык сууну агызып коё берип андан соң 1 стакан сооданы суу акчу тешикчелерге салыңыз. Акырындан 1 стакан уксузду үстүнө куюп артынан ысык суу менен жууп салуу керек.





Унитаз тактарын кантип кетирүүго болот?



Бир стакан коланы унитазга куюп, түнү менен коюп коюуңуз. Андан соң атайын каражаттар менен жууп, сууну агызып салыңыз.





Кийимдерди бат кургатуунун жолдору



Кир жуучу машинеңиз жок болсо жана кийим-кечектерди тез кургатуу керек болуп жатса сизге ыңгайлуу бир ыкма бар.
Нымдуу кийимдерди кургак бир сүлгүгө салып, бурап сыгуу кажет. Нымдуу кийимдер сүлгүнүн ичинде болуусу керек. Андан кийин сүлгүнү жакшылап ороп калган сууну сыгып салыңыз. Суу чыккандан кийин кийимдерди чыгарып андан ары кургоосу үчүн илип коюу керек.





Крандын башындагы чачыратуучу жерин тазалоодо



Душтагы крандын чачыратып агуучу жерин тазалоо үчүн бир желим баштыктын ичине алма уксусун куюп кранды баштыкка салып байлап коюу керек. Түнү менен уксузда турган кран жаңырып чыга келет.





Майда нерселерди оңой табуунун жолу



Чаң соргучтун жардамы менен жоголгон кичине нерселер кантип табылат? Чаң соргуч менен үйдү тазалап жатып сөйкө, шакек жана тыйын акчаңыздын сордуруп албоо үчүн башына капрон байпак менен ороп сордурага болот.Сордуруп жатып байпак байланган башын карап туруңуз анда жоголгон нерселер жабышып, оңой табылат.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!