ЖККУнун мааракелик жыйыны өтөт

 ЖККУнун мааракелик жыйыны өтөт
30-Ноя. 2017, Бейшемби, 10:22

Бүгүн, Белоруссиянын баш калаасы Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) 15 жылдык мааракесине арналган сессиясы өтөт.

Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация катышат. Бүгүн ал Россиядан Минскиге учуп барат.

Мааракелик жыйын тар жана кеңири чөйрөдө өтүп, жалпысынан 20дан ашуун маселе каралат. Уюмду мындан ары бекемдөө, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, мамлекеттердин жамааттык коопсуздугу талкууланат.

Уюмга мүчө мамлекеттердин жетекчилери декларация кабыл алары күтүлүүдө.

Күн мурда Сооронбай Жээнбеков орус президенти Владимир Путин менен жолугушкандан соң ЖККУнун жыйынынын алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен да жолугушары айтылган.

Аталган эл аралык уюмга Армения, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчө болуп кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!