Бишкекте ТүркПАнын жыйыны башталды

Бишкекте ТүркПАнын жыйыны башталды
8-Дек. 2017, Жума, 10:28

Бүгүн, 8-декабрда түрк тилдүү өлкөлөрдүн ассамблеясынын делегациялары Бишкекте өтө турган жетинчи пленардык жыйынга чогулду.

Байкоочу катары Венгрия мамлекети, ал эми Өзбекстан жана Түркмөнстан республикаларынын делегациялары биринчи жолу бул жыйынга ардактуу конок катары катышып жатат.

Расмий коноктор адегенде "Ата-Бейит" жана "Үркүн" мемориалдык комплекстерине барып сталиндик репрессияда жана 1916-жылдагы үркүндо каза болгондорго арналып тургузулган эстеликтерге гүл чамбар коюп, зыярат кылышты.

Андан соң жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине барышты.

Түркия, Азербайжан жана Казакстандан келген делегациялар кезектеги жыйында 13 маселени карашат.

Күн тартибинде ТүркПАнын башкы катчы кызматына талапкерлерди жактыруу, келерки жылдарга карата бюджетин кабыл алуу, жетинчи жыйындын башкы декларациясын кабыл алуу жана сегизинчи пленардык жыйынды өткөрүү мөөнөтүн жана кабыл алуу маселелери каралат

ТүркПА 2008-жылы түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Азербайжан, Түркия жана Казакстан мүчө болгон. Ассамблеяга кирген мамлекеттер алфавиттик тартип боюнча бир жылдык мөөнөт менен кезектешип төрагалык кылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жаштардын көпчүлүгү кайсы өлкөгө барып иштегиси келет?
Жаштардын көпчүлүгү кайсы өлкөгө барып иштегиси келет?
Жээнбеков Калиловду ишинен убактылуу четтетүүнү сунуштады (видео)
Жээнбеков Калиловду ишинен убактылуу четтетүүнү сунуштады (видео)
​Жол кырсыгынан 13 спортчу мерт болду
​Жол кырсыгынан 13 спортчу мерт болду
Ырчы Самара Каримова ютубдун күмүш баскычын алды
Ырчы Самара Каримова ютубдун күмүш баскычын алды
Ырчы Динара Акулованын апасы дүйнө салды
Ырчы Динара Акулованын апасы дүйнө салды
​Лионель Месси
​Лионель Месси "Барселонадан" кетеби?
Ошто таштандынын арасынан ымыркайдын жансыз денеси табылды
Ошто таштандынын арасынан ымыркайдын жансыз денеси табылды
Киберкоопсуздук стратегиясы долбоорунун бет ачары өттү
Киберкоопсуздук стратегиясы долбоорунун бет ачары өттү
Сүйүүгө мас болгон Курал Чокоев таттуу жашоосун айтты
Сүйүүгө мас болгон Курал Чокоев таттуу жашоосун айтты
Иммунитетти көтөрүүчү йогуртту кантип тандайбыз?
Иммунитетти көтөрүүчү йогуртту кантип тандайбыз?
Турусбек Жумалиевдин жубайы Зоя Токторбаева көз  жумду
Турусбек Жумалиевдин жубайы Зоя Токторбаева көз жумду
Кыйкырган кызга кайдыгер мамиле жасаган кызматкерлер кандай жаза алды?
Кыйкырган кызга кайдыгер мамиле жасаган кызматкерлер кандай жаза алды?
ДЧ – 2022: 48 команда, 80 беттешүү, 28 күн
ДЧ – 2022: 48 команда, 80 беттешүү, 28 күн
Алма менен помидордун кабыгы суу тазалоочу курал экен
Алма менен помидордун кабыгы суу тазалоочу курал экен
Президент:
Президент: "Негизги максатым - коррупцияны жоюу"
Эмне себептен сууну эки ирет кайнатууга болбойт?
Эмне себептен сууну эки ирет кайнатууга болбойт?