Эркектердин көбү кар жааганда жүрөк оорусуна кабылышат

Эркектердин көбү кар жааганда жүрөк оорусуна кабылышат
27-02-2017

Эркектер көпчүлүк учурда өлүмгө алып келген жүрөк ооруларына кыш мезгилинде кабылышат. Бул тууралуу Монреал Университетиндеги канадалык окумуштуулардын изилдөөсүндө белгилүү болду.

Эгер 20 см кар жаган болсо, жүрөк пристубу 16 пайызга өсөт, өлүм коркунучу 34 пайызга жогорулайт. Ал эми аялдарда аба ырайынын алмашуусунда мындай учур байкалган эмес.

Изилдөөчүлөр 1981-жылдан 2014-жылга чейин Квебекте 128 073 адам ооруканага жаткырылып андан 68 155 учур жүрөк пристубунун кесепетинен болгон.

Белгилүү болгондой 36 пайыз орулуулар кар жааган күндүн эртеси ооруканага кабылышкан. 10 пайызы кар 5 сантиметр жаагандан кийин болгондугун “Fox News” билдирди.

Эгер кар бир күндөн ашык жаап жаткан болсо анда 8% эркектер жүрөк пристубу менен ооруканага кайрылышат жана 12 пайызы өлүмгө алып келет.

Дарыгерлер көпчүлүк учурда мындай абалга эркектер кар күрөп жатканда кабылаарын маалымдашты. Көбүнесе аз кыймылда жүргөн жана жүрөк оорулары бар 50 жаштан жогорку курактагылар кабылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!