Болливуд жылдызы Капур көз жумду

Болливуд жылдызы Капур көз жумду
5-Дек. 2017, Шейшемби, 11:36

Индиялык актер жана режиссер Шаши Капур 79 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу “The Independent” 4-декабрь күнү билдирди.

Артист жүздөн ашык Индиянын фильмдеринде тартылып жана бир нече чет элдик режиссерлордун картиналарында роль ойногон. Шаши – Капур династиясынын өкүлү, анын мүчөлөрү Болливуд индустриясы түзүлгөндөн баштап бул тармак менен алектенип келет.

Капур «В заключение», «Душители», «Коммандос», «Сэмми и Роузи ложатся в постель», «Великая сила любви», «Испепеляющая страсть», «Стена», «Бродяга» жана «Сиддхартха» сыяктуу тасмаларда тартылган. Ал режиссер катары өзүн «Возвращение багдадского вора» (дагы бир аталышы- «Черный принц Аджуба») аттуу фильмде тааныта алган.

2015-жылы Капур Индиянын киномотография тармагындагы жогорку наам -Дадасахеба Фальке атындагы сыйлыкка ээ болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!