Сыймык Бейшекеев мекендештерге ыр сунат

Сыймык Бейшекеев мекендештерге ыр сунат
24-Янв. 2018, Шаршемби, 15:45

КРнын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев өзүнүн чыгармачылык концерти менен алыскы өлкөлөрдө болмокчу. Бул тууралуу ырчы Zaman.kg маалымат агенттигине билдирди

“Куда буюрса быйыл чыгармачылык чоң сапар менен Түркия, Россия, Казакстан, Европа, АКШ, Япониядагы баардык мекендеш боордошторубуздун чакыруусу боюнча, жакшы концерт, өнөр кербени менен бармакчыбыз. 2018-жылдагы алгачкы кербенибиз 28-январь күнү Анкара, 3-февралда Анталья, 4-февралда Стамбул шаарларында башталмакчы”,-деди ырчы.

Бейшекеев өзү менен бирге ырчылар Алтынбек Кадыралиев жана Нурлан Алдяров дагы өз чыгармачылыгын тартуулай турганын кошумчалады.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!