​Футбол тарыхындагы эң мыкты гол аныкталды (видео)

​Футбол тарыхындагы эң мыкты гол аныкталды (видео)
12-Апр. 2018, Бейшемби, 13:17

Футбол тарыхындагы эң мыкты гол белгилүү болду. Ал 1986-жылындагы дүйнө чемпионатында мексикалык жарым коргоочу Мануэль Негретенин Болгария командасынын дарбазасына киргизген голу тандалды. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирди. Маалыматка ылайык көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү 2018-жылдын 31-марттан 9-апрелге чейин жүргүзүлдү. Ышкыбоздорго дүйнө чемпионат тарыхындагы эң мыкты 32 гол сунушталган.

Жыйынтыгында жарым коргоочу Мануэль Негретенин Болгария командасынын дарбазасына киргизген голу тандалды.


Ал учурда Мексика курама командасы болгариялык кесиптештери менен 1/8 финалында беттешип жаткан. Негрете дээрлик жаза сызыгына жакын жерден гол киргизүүгө жетишкен. Бул чемпионатты Аргентина курама командасында Диего Марадона дагы ойноп жаткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!