​Чемпионатта Бразилия жеңеби?

​Чемпионатта Бразилия жеңеби?
4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 13:49

Көрүнгөн тоонун алысы жок. Орусияда 2018-жылы өтө турган дүйнө футбол чемпионатына алгачкы божомолдор жарыялана баштады. Атактуу статистикалык Opta компаниясы футбол чемпионатындагы таймаша турган командалардын мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп чыкты. Футбол тайпаларынын пайыздык салыштырууларына караганда Бразилия биринчи орунга чыгат.

Орусияда 2018-жылы өтө турган дүйнө футбол чемпионатынын фаворити Бразилия – алардын мүмкүнчүлүгү 14,2%. Алгачкы 5 команданын ичинде Германия 11,4%, Аргентина (10,9%), Франция (10,5%) жана Испания (9,3%).

Ал эми Орусиянын шансы 15-орунда 1,7%. Бул тизменин эң акыркында Марокко (0,5%) жер алды.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!