​Загитова үч жолу жыгылды

​Загитова үч жолу жыгылды
24-Март 2018, Ишемби, 14:45

Италиянын Милан шаарында көркөм муз тебүү боюнча дүйнөлүк чемпионатта орусиялык олимпиада чемпиону 3 жолу жыгылып, ыйлап жиберди. Алина Загитова акыркы жылдары Орусияга удаа 6 жеңиши менен атагын чыгарган. Алар эки жолу гран – при, Орусия жана Европанын чемпиону, Олимпиада-2018де алтын медалга татыктуу болгон. Миландагы дүйнөлүк көркөм муз тебүү 21-марттан 24-мартка чейин уланат. Анда жеке программа боюнча Алина Загитова 3 жолу жыгылып 7 орунду (207,72) камсыз кылды.

Биринчиликти канадалык спортчу Кэйтлин Осмонд 223,23 упай менен жеңип алды. Күмүш медал жапониялык Вакаба Хигути (210,90), коло медал орусиялык Сатоко Мияхара (210,08) берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!