​Баку-2017: суучулдар финалдык жарышка чыкты

​Баку-2017: суучулдар финалдык жарышка чыкты
16-Май 2017, Шейшемби

Азербайджандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештигинин оюндарында бүгүн 16-майга карата кыргызстандык спортчулар бир катар мелдештер боюнча күч сынашат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы бүгүн Тажикистан командасына каршы ойнойт. Буга чейин Кыргызстандын командасы Азербайжан жана Түркия менен ойноп жеңилип калышкан.

Суучулдар Дарья Таланова, Денис Петрашов жана Кирилл Вайс 100 метр барсс стилинде финалдык жарышка чыгат.

Мындан тышкары кыргызстандык спортчулар таэкводо, таамай атуу, жеңил атлетика, бокс боюнча таймашка чыгат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!