​Кыргыз балбандары Гонконгдо коло тагынды

​Кыргыз балбандары Гонконгдо коло тагынды
29-Май 2017, Дүйшөмбү

28-майда Кыргыз дзюдочулары Гонконгдо өткөн дзюдо боюнча Азия биринчилигине коло байгени утуп алды. Бул тууралуу КРнын Улуттук дзюдо федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 81 килограмм салмакта Вламдимир Золоев тажик, монгол спортчуларын жеңип, 3-орунда алса, 100 килограмм салмактан жогору категориясында Юрий Краковецкий өзбек, казак спортчусун утуп, коло тагынган.

Белгилей кетсек, кыргызстандык дзюдочулар Азия биринчилигине катышыш үчүн ушул жылдын апрель айынын башында Түркияда өткөн Гран-при мелдешине катышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!