Волейбол боюнча өлкө чемпионаты өтөт

17-02-2017

25-февралда Бишкек шаарында волейбол боюнча өлкө чемпионаты старт алат. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жогорку Лиганын 9 командасы жана Улуттук Лиганын 6 командасы 1-турдук оюндарын өткөрөт.

Өлкө чемпиондугу жалпы 3 турдан турат. 1-турдук оюндар 25-февралдан 1-мартка чейин уланат.

Катышуучу командалар: Улуттук лига: “Жаңы-Муун” (Ысык-Көл облусу), “Нацгвардия” (Бишкек), “Салам-Алик” (Бишкек), “Бажы” (Ош), “Дархан” (Ош облусу), “Улар” (Бишкек).

Жогорку лига: “Ош” (Ош), “EREM” (Бишкек), “Бишкек” (Бишкек), “Кара-Балта” (Кара-Балта), “Бүркүт” (Ысык-Көл облусу), “Алга” (Бишкек), “Ош Пирим” (Ош), “Жалын” (Ысык-Көл облусу), “Энергетик” (Ош облусу).

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!