Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде 4-орунда

10-Март 2017, Жума

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш бирикмесинин (United World Wrestling) рейтингинин версиясы боюнча дүйнөдөгү күчтүү спортчунун ичинен 4-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган бирикменин 8-мартта жаңыланган маалыматында белгилүү болду.

Рейтинг Эл аралык жана Куба, Болгария Латвия, Украина мамлекеттериндеги турнирлердин жыйынтыгында белгилүү болгон.

Айсулуу Тыныбекова 17-18-февралда Швецияда өткөн “Klippan Lady Open 2017” турниринде алган жараатынан улам күмүш тагынып, 2-орунду багындырган.

Бул жетишкендик рейтингдин жаңыланган версиясында Тыныбекова 58 кг чейинки салмактагы категорияда 4-орунду ээледи.

8-мартка карата рейтинг
58 кг чейинки салмактагы категориялар арасындагы спортчулар:

1. Каори Ичо (Япония) — Рио-2016 олимпиада оюндарынын 1-орунда алган.

2. Валерия Коблова-Жолобова (Россия) — Рио-2016 олимпиада оюндарында 2-орунду алган.

3. Марва Амри (Тунис) — Рио-2016 олимпиада оюндарында 2-орунду алган.

4. Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан) — Рио-2016 олимпиада оюндарында 5-орунду алган.

5. Сакши Малик (Индия) — Рио-2016 олимпиада оюндарында 3-орунду алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!